Эболага каршы вакцинаны сыноо башталды

Сүрөттүн булагы, WFP Donaig Le Du
Либерияда Эбола вирусуна каршы вакциналарды кеңири масштабда сыноо башталды. Вакцина аталган өлкөгө өтө жашыруун түрдө киргизилгени кабарланды.
GSK жана Merck компанияларынын вакциналарын сыноого отуз миңге жакын ыктыярчы катышат.
Эбола дүйнөнү коркуткан вирус деп аталып, өткөн жылы Африкада бул вирусту жуктурган тогуз миңге жакын адам каза болду. Алардын көпчүлүгү Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде катталган.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Эбола вирусун жуктуруп, кайра айыккан бейтаптардын канынан алынган заттан Эбола вирусуна каршы дарылоо каражатын иштеп чыгып, Батыш Африкага жибере тургандыктарын билдирген болчу.
«Европа, АКШ жана Африкада Эбола вирусуна каршы вакциналарды клиникалык шартта сыноо башталган. Эгер вакцина коркунучсуз деп табылса, жакынкы күндөрү Батыш Африкага колдонууга берилет», - деген эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директорунун орун басары Мари-Поль Кини.

























