Сариев: Чыгыш Украинадагы кармаш сооданы начарлатты

    • Author, Кубат Касымбеков
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
  • Published

Чыгыш Украиндагы орусиячыл козголоңчулардын лидери жүз миң адамды аскерге чакыруу планын жарыялады. Александр Захарченко мобилизация аракети он күн ичинде башталаарын айтты. Бул билдирүү өкмөттүк күчтөр менен кармаш күчөгөн маалга туш келди.

Азыр жүздөгөн тургундары коопсуз жайга көчүрүлгөн стратегиялык Дебальцево шаарын жикчилдер курчап турганы кабарланууда. Ал тапта өкмөт армиясы көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Донецкке артиллериялык чабуулдарды баштап жатат. Өкүлдөр келбегендиктен өткөн ишемби күнгө белгиленген тынчтык сүйлөшүүлөрү орун албай калган.

Мындан бир жарым жыл мурда Украина аймактык бүтүндүгү сакталган өлкө эле. Крым жарым аралы Орусияга карагандан көп өтпөй, Чыгыш Украинадагы Луганск жана Донецк аймактарындагы козголоңчулар Киев бийлигине баш бербей турат.

Тынч өлкөнүн капыстан согуш талаасына айланганын өлкөнүн батышында, анын ичинде Киевде кандай кабыл алышууда? Бул суроо менен Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, ишкер Таалай Сариевге кайрылдык.

Таалай Сариев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таалай Сариев

Таалай Сариев: Чынын айтканда, украин калкынын 90 пайызы кайгыруу менен карап турат. Кээ бири барып согушаарын айтат. Айрымдары чыгыштагылар кааласа кетсин деген маанайды карманып турушат. Жалпысынан алганда карапайым тургундар бир четинен кайгырса, экинчи четинен Орусия мамлекетине абдан кыжыры кайнап турган убак.

Би-Би-Си: Баррикаданын эки жагында турган элдин кайгысы менен кубанычы дээрлик окшош экенин, бирок алар бири-бири менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун Украинанын чыгышына барып келген айрым журналисттер айтып келишти. Украинаны батыш жана чыгыш деп саясат гана бөлүп турабы же эл ичинде да жиктелүү пайда болдубу?

Таалай Сариев: Чыгыш жакта да тааныштарыбыз бар. Орус маалымат каражаттарынын таасиринде калган кишилерде кадимкидей эле бөлүнүү, сепаратисттик маанай пайда болуп калат экен. Көпчүлүгү, өзгөчө улгайып калгандар пенсияларын алуу үчүн бер жакка келишет. Бирок алар пенсиясын алгандан кийин кайра артка кетишет.

Ал эми Киев же башка жактарга келип, бир-эки айдай туруп калгандардын маанайы өзгөрө баштайт экен. Мен аны тааныштардан байкадым. Башында Киевди жактырбай жүргөндөр кийин Орусиянын кадамын көрүп, отко май чачылганын түшүнүп калышат экен.

Орусиячыл жикчилдер стратегиялык Дебальцево шаарын курчап турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиячыл жикчилдер стратегиялык Дебальцево шаарын курчап турат.

Менимче, бул окуяларга жыйырма жыл бою Украинанын башында турган бийликтин алсыздыгы, өзүнүн мамлекеттик саясатынын жүргүзбөгөндүгү себеп болууда. Жалпыга маалымдоо каражаттары көзөмөлсүз калган.

Би-Би-Си: Былтыр ушул маалдарда Киевдеги аянтта бийликке каршы нааразылык акциялары күчөп турган эле. Андан бери саясий кырдаал өзгөрүп, жаңы бийлик келди. Бирок элдин турмушунда бир өзгөрүү байкалдыбы?

Таалай Сариев: Бир жылдан бери жашоо турмуш жакшырганын көрсөткөн белги жок. Тескерисинче артка кетти. Ишкер катары айтсам, биздин соодабыз начарлады. Мунун баары төңкөрүш болгон үчүн эмес да.

Крым бөлүнгөндө көп деле экономикага зыяны тийген жок. Донбасс, Донецк, Луганскта кармаш башталгандан бери акыбал начарлады. Девальвация катуу жүрдү, инвестиция деген токтоду.

Ошонун баары, албетте, катардагы тургундардын чөнтөгүнө да таасир бере баштады. Азыр мурункудан жакшы жашап кеткен эч ким жок. Балким, 1-2 пайыз киши кризистен пайдаланып, акча табуунун жолдорун табышы мүмкүн. Жалпысынан абал начар.