Обама: АКШ Украинага курал берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Сүрөттүн булагы, EPA
Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Ак үйдө болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен билдирүү менен чыгышты.
Президент Обама Россия Минскиде кол коюлган келишимдин бардык жоболорун бузду деп билдирди. Ангела Меркель өз кезегинде болуп жаткан окуяны “россиялык-украиналык конфликт” катары мүнөздөдү.
Москва болсо Украинанын чыгышындагы окуяларга эч кандай катышы жок экенин кайта-кайта билдирүүдө.
Обаманын айтымында, Россия Украинанын чыгышына танкаларды, БТРларды жана оор артиллерияны жиберип жатат,
Москванын колдоосун алган жикчилдер улам жаңы аймактарды басып алышууда. Миңдеген украиналыктар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болууда.
АКШ Президенти Барак Обама Украинанын чыгышындагы Россиянын агрессиясы эл аралык коомчулукту биримдигин бекемдеди деп билдирди.
Америкалык лидердин айтымында, АКШ менен Германия Россияга салынган санкцияларды күчүндө кармап туруу зарыл деп чечишти.
Бул эгер Москванын азыркы багыты өзгөрүлбөсө, анда аны эл аралык өгөйлөө дагы күчөй тургандыгын билсин үчүн керек.
Обама ошондой эле эл аралык коомчулук мурдакыдай эле Россия менен болгон проблеманы дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап жатканын билдирди.
Ошол эле учурда, анын айтымында, эгер дипломатиялык аракеттер кризисти чече албаса, анда АКШ Украинага коргонуучу куралдарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.




























