Минск сүйлөшүүсү: Келишимден ким утат?

Сүрөттүн булагы, epa
Минск шаарында Украинадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, ок атышпоо келишимине жетишкен. Бул келишим ишенби күнү түнкү саат он экиде күчүнө кирет. Бирок жаңы келишимден ким утат?
Территориялык маселелер:
Орусияга жан тарткан жикчилдер өткөн жылдын сентябрь айында жеткен келишим боюнча такталган чекке кайтып барыш керек. Бирок Украинанын күчтөрү да андан бери кайтарып алган аймактардан чегиниши абзел. Ошентип, «коопсуздук зонасы» 50 километрден 140 километрге чейин созулушу керек.
Чет өлкөлүк жоокерлер:
Украинанын президенти Петро Порошенко өлкөдөн бүт чет өлкөлүк аскерлер жана техника чыгарылышы керек деп талап койгон. Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин бул дооматтарды четке кагып келет. Демек чет өлкөлүк аскерлер жок болсо бул талап аткарылабы деген суроо туулат.
Чек ара маселеси:
Украинанын өкмөтү Орусияга чектеш аймакты өз көзөмөлүнө алууну көздөйт. Алардын айтымында, ушинтип гана өкмөт күчтөрү Орусиядан келген техникаларды токтотууга мүмкүнчүлүк алат. Бирок келишимге ылайык, бул талаптар жылдын аягына чейин аткарылбайт жана аны аткаруудан мурун Украина дагы бир топ талаптарды жүзөгө ашырышы абзел.
Украина чыгышынын макамы:

Сүрөттүн булагы, Reuters
Биринчиден Украинанын жаңы конституциясы күчүнө киргенде өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер өз алдынча милиция кызматын түзүп жана сотту тандаганга укук алышат. Ошондой эле Орусия менен соода саясатын аныктоого мүмкүнчүлүк алат. Бирок Украинанын бийлиги муну стратегиялык жеңиш деп эсептейт. Себеби Украина дале көз карандысыз мамлекет болуп, мурунку территорияларын сактап калат.
Сүйлөшүүлөрдө өз алдыча бөлүнүп кетип, өзүн Донецк жана Луганск республикасы деп атаган аймак тууралуу сөз болгон жок. Серепчилер мунун себебин Орусиядагы экономикалык кыйынчылыктар менен түшүндүрүшөт. Орусия бул чөлкөмдү Украина менен байланыштырып, жергиликтүү тургундарга социалдык төлөмдөрдү, мисалы пенсияларды Украин өкмөтү төлөшүн каалайт.
Бул келишим аткарылабы же жокбу деген суроо туулат. Серепчилер кырдаал чыңалып кеткенден кийин Орусия менен Украинанын жетекчилери сүйлөшүүгө аргасыз барышканын белгилешет. Келишимдин көп кемчиликтери бар, бирок, согуштун айынан курмандыктар көп болуп, экономикалык кыйынчылыктар тооруп тургандан улам талдоочулар бул келишим жүзөгө ашып калышы мүмкүн деп айтууда.

























