Греция Евробиримдиктин жардамынан баш тартты

Сүрөттүн булагы, AFP
Грециянын жаңы өкмөтү Евробиримдиктин кредитти узартуу сунушунан баш тартты.
Жаңы шайланган ашынган солчул партия “Сириза” шайлоо алдыдагы үгүт иштери учурунда биримдиктен каражат алуу программасын сындап, аны кайра карап чыгаарын убада кылган. Ал Евробиримдик бюджетти катуу үнөмдөө шартын коюп жатат деп, мурдагы өкмөттүн саясатына да кескин каршы болгон.
Сүйлөшүүлөрдө Евробиримдик мурдагыдай эле шартта программаны улантууну сунуштады, айрым учурда гана жеңилдиктерди тааныды. Бирок Греция ага макул болгон жок.
Евробиримдиктеги мамлекеттердин финансы министрлеринин дүйшөмбүдө ишке ашпай калган сүйлөшүүлөрүнөн кийин Грециянын финансы министри Янис Варуфакис үн катты. Ал башка шартта макул болгону жатканын айтты.
Бирок Евробиримдиктин төбөлдөрү алдын ала сүйлөшүүгө аз күн калганын эскерткен. Алар Греция туруктуу жолго түшкөнчө каржы программасын узартып туруу керек деп эсептешет. Эми Греция аны кабыл алып же албашы мамлекеттин өз иши экенин айтышууда.
Грециянын финансы министри сүйлөшүүдө азыркы 249 миллиард долларды узартууну “абсурд” жана ал “мүмкүн эмес” деген. Грецияны учурдагы каржылоо программасы февралдын аягында бүтөт.
























