БУУ: Жер ортолук деңизде 2700 мигрант куткарылды

Сүрөттүн булагы, AP
Published
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар Агенттиги 13-февралда Жер ортолук деңизде 2700 мигрант куткарылганын айтып чыкты.
Бүгүн Италиянын жээктеги коопсуздук кызматкерлери жүздөгөн легалсыз мигранттарды алып келаткан кемени тосуп алышаарын айтышууда.
Би-Би-Синин Лампедузадагы кабарчысынын айтымында, аралдын администрациясы Ливиядан Европага мыйзамсыз түрдө келип жаткан мигранттарды кабыл алууга араң жетишип жатат.
Көптөгөн аялдар жана жаш балдар ачык асман алдында түнөдү.
БУУнун өкүлү белгилегендей, кышында Европага деңиз аркылуу, мыйзамсыз жолдор менен агылган мигранттардын саны буга чейин мынчалык көп болгон эмес.

























