«Ислам мамлекети» менен болгон согуш сандар тилинде

Сүрөттүн булагы, AP
«Ислам мамлекети» аталган жихадчыл күчтөргө каршы алты айдын ичинде абадан урулган соккулардан эмне натыйжа болду? Бул жерде көрсөтүлгөн алты графикада согушка тартылган күчтөр жана чыгымдар эсептелген.
«Ислам мамлекетин» жок кылуу үчүн 60 мамлекет биригип түзгөн коалициянын “Кебелбес чечкиндүүлүк” операциялары 2014-жылы 8-августта Иракта, кийинки айда Сирияда ИМ объектилерине абадан сокку уруу менен башталды.
Ошого карабастан «Ислам мамлекетинин» күчтөрү Багдаддын түндүгүндөгү дамбага кол салып, ошондой эле Ливияда египеттик христиан-коптордун башы алынганы тартылган видеону таркатышты.
Биз «Ислам мамлекетине» каршы согуштук операциялар кандай жүрүп жатканын баяндаган сандык маалыматтарды сунуш кылабыз.
Согушкерлердин аскердик күчү жөнүндө маалыматтар ар башка, бирок Ирак менен Сирияга көптөгөн согушкерлер жихадка катышуу үчүн башка өлкөлөрдөн барганы белгилүү.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Бул азыркы учурда «Ислам мамлекети» тарабынан көзөмөлдөнүп турган аймак.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Коалиция Иракта «ИМ»ден 700 квадрат км аянтты бошотуп алды. Бул «Ислам мамлекети» басып алган аймактын аянтынын бир пайызын түзөт.

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
Согуштук чыгымдар

Сүрөттүн булагы, BBC World Service
АКШнын Коргоо министрлиги 2015-жылдын 9-январына карата согуштук чыгымдар жалпысынан $ 1,3 млрд болгонун эсептеп чыкты, бир суткада кеткен чыгымдын наркы $ 8,3 млн. Бирок бул Иракта, Афганистанда жана Пакистанда болгон согуштук чыгымдарга караганда аз эле көрүнөт.
Согуштагы адамдык жоготуулар
Согушта болгон адам курмандыктары жөнүндө чынында эле такталган маалыматтар жок - БУУ бир жыл мурда Сирияда курман болгондорду саноо абдан кыйын экенин билдирип, аны эсептебей калган.
Согуш качан бүтөөрүн болжоп да айтуу кыйын. АКШнын генералы Джон Аллен айткандай, бул согуш «муундан муунга өткөн» кандуу калаба болуп калды.




























