Австралияда катуу бороон уланууда

Published

Австралиядагы эки жолку бороон-чапкын үйлөгө сокку уруп, жээкте жашагандарды көчүүгө аргасыз кылды.

“Марсия” тропика бороону Квинсленд штатында катуу сезилди. Бороон-чапкындын күчү бешинчи категорияга жетип, үчкө түшкөн менен метеорологдор нөшөрлөгөн жамгыр жана күчтүү шамал болот деп эскертүүдө.

Тропикалык “Лам” бороону Түндүк аймагына сокку урду. Анын категориясы төрткө жетип, Элко аралынан түштүк-чыгышка жылды. Жергиликтүү жашоочулар көптөгөн үйлөрдүн чатырын алып кеткенин жана дарактар тамыры менен омкорулганын билдирүүдө.

Австралиянын Метеорология бюросу акыркы кабарларында “Марсия” түштүккө жылат жана жайлайт деп билдирди. Азыр ал Йеппун жана Рокгемптон аймактарында, күчү саатына 205 чакырымга жетти. Алып чапкан шамал түштүккө жылып, Каприкорния жана Барнетта райондору аркылуу ички аймактарга да жетет деп божомолдонууда.

Метеорологдор жергиликтүү тургундар бийлик көрсөтмө берсе эвакуацияга даяр туруш керектигин, жер көчкү жана сел да жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Квинсленддин премьери Аннастасия Палажчук жабыркагандар тууралуу маалымат жок экенин айтты.