Индонезиялык кызматчысын кордогон аял абакка кесилди

Published

Гонконгдук 44 жаштагы Лоу Вань Тун колундагы индонезиялык кызматчы аялды уруп, кордук көрсөткөнү үчүн алты жылга камалды.

Вань Тунду 24 жаштагы Эрвианэ Сулистянингсихтин денесине оор залакат келтирүү, коркутуу жана акысын төлөбөй коюу боюнча күнөөлүү деп табышты.

Үй кызматчысы өткөн жылы ооруканада дарыланууга муктаж абалда Индонезияга кайткан окуя дүйнөнүн көңүлүн бурган. Ал соттук териштирүүдө кожойкеси тарабынан сабалганын жана ачка кармалганын айтып берген. Лоу кызматчы аялды бир жолкусунда абдан катуу ургандыктан бир тиши кыймылдап калган.

Судья Аманда Вудкок өкүм чыгарып жатып, Лоу Эрвианэни бир да аябаганын айтты.

Лоу Тун эркинен ажыратуудан сырткары, 15 миң Гонгконг доллары же 2000ге чукул АКШ долларлык айып пул төлөп берүүгө да милдеттендирилди. Ал прокуратура сураган эң катуу жаза - жети жылга жакын мөөнөт алып отурат.

Окуя көп үй-бүлөлөр кызматчы жумшаган Гонконгдогу коопсуздук темасын козгоду. Шаардын жашоочуларына кызмат кылууга Азиянын башка аймактарынан келген болжолдуу 300 миңдей үй кызматкери бар.