Күн энергия учагы дүйнөнү айланат

Сүрөттүн булагы, AP
Абу-Дабиде Күн энергиясын пайдаланган учак Жер жүзүн айлануу үчүн сапар алууда. “Солар-Импульс-2” деп аталган учак Араб Эмираттарынан Омандын Мaскат шаарына багыт алды.
Беш айындын ичинде бул учак континеттерди, Тынч жана Атлантика океандарын кесип өтөт.
Бир орундуу учакты Швейцариянын белгилүү окумуштуусу Бертран Пикар менен анын өнөгү Андре Боршберг кезектешип башкарат.
Пилоттор бир нече шаарларга конушуп, учактын абалын текшерип турушат. Ошол эле учарда альтернативдүү энергия булагы тууралуу лекцияларды окушат.
Бул долбоор Күн энергиясын колдонуу жагынан бир катар дүйнөлүк рекорддорду коюушу күтүлүлүүдө.
“Солар-Импульс-2” өзүнүн биринчи үлгүсү “Солар-Импульc-1” ге караганда чоңураак. Канатынын узундугу 72 метрге жетет. Салмагы 2,3 тонна. Учактын өзгөчөлүгү - абдан жеңил болушунда.

Сүрөттүн булагы, AFP Solar Impulse Project
Канаттарынын үстүндө 17 миң күн батареясы орнотулган. Ал эми түнкүсүн учактын моторлору алдын ала октолгон литиум-ион батареясы менен жүрөт.
Учак дүйнөлук сапарды ийгиликтүү жыйынтыктайт дегенге, азырынча кепилдик жок. Анын учушу аба ырайынын жакшы болушуна көз каранды. Айрыкча, океандарды кесип өткөндө, кыйроо коркунуч бар. Мындай учурда пилоттор куткаруучу кеме келгенче, сууда калкып турмакчы.
Миссиянын Монакодогу станциядан көзөмөлдөп турушат. Буга кошумча Күн энергия учагын жашкы даярдыктан өткөн инженерлер коштоп жүрүшөт.





























