Франция террорчулукка каршы жаңы чараларды бекитет

Published

Франциянын Улуттук жыйыны шейшембиде атайын кызматтарга террорго каршы күрөштө жардам бере турган жаңы чараларды бекиткен жатат.

Жаңы мыйзамды кабыл алуунун бир себеби сатирикалык журналдын редакциясына болгон кол салууга байланыштуу. 7-январда Париждеги Charlie Hebdo журналына куралдуу кол салууда 12 адам курман болгон эле.

Социалисттердин өкмөтү аңдуунун жаңы технологияларын киргизүү жана маалыматты укук жолунда алуу үчүн мыйзам керек деп эсептейт.

Андан сырткары, француз бийликтери чалгын кызматын көзөмөлдөй турган өзүнчө орган түзүү зарыл деп жатышат.

Анткени жаңы эрежелер кабыл алынгандан кийин француздардын жеке турмушуна кийлигишүүлөр көп болот деген сындар айтылууда.