Канада атайын кызматтардын укугун чоңойтту

Сүрөттүн булагы, Reuters
Published
Канаданын парламенти атайын кызматтарга террордук коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн кошумча укуктарды берген мыйзам кабыл алды.
Мыйзам боюнча Канаданын чалгын жана коопсуздук кызматы иликтөө иштерин өлкөнүн ичинде да, сыртында да жүргүзүүгө кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү алат, ошондой эле алар үчүн шектүү адамдарды кармоо жол-жобосу да жөнөкөйлөтүлдү.
Бул документ парламентке өткөн жылы октябрда Оттавада болгон теракттин кийин киргизилген. Оттавада куралчан исламист Улуттук аскер мемориалды кайтарып турган күзөтчүнү атып, андан кийин парламенттин имаратын аткылаган эле.
Бул мыйзамга каршы чыккандар аны канадалык жарандардын укугун бузат деп жатышат.
























