Бүт Европа Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоодо

1945-жылы 8-майда Лондондун көчөлөрүнүн баарында майрам болгон.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1945-жылы 8-майда Лондондун көчөлөрүнүн баарында майрам болгон.
Published

Британияда жана бүт Европада дүйнөдөгү эң кандуу согуштун аякташынын 70-жылдыгына арналган иш чаралар башталууда.

Жума күнү Лондондун борборундагы Кенотаф борборундагы мемориалда согуштун аяктаганы жарыяланган тарыхый учурду эскерүү каадасы өтөт. Германия менен согуштун бүткөнүн Уинстон Черчилл 1945-жылы 8-майда жарыялаган эле.

Кечинде бүт Британия боюнча 200 жээктеги маяктар жандырылат.

1945-жылы 8-майда британ шаарларында көркөмдөлгөн көп майрамдык иш чаралар өткөрүлгөнү азыр көп адамдардын эсинде.

Ошол кечте 1939-жылдан бери биринчи жолу Букингем сарайынын иллюминациясы жандырылган. Эстеликтер менен монументтерди жарык кылып көрсөтүү үчүн абадан коргонуу күчтөрүнүн прожектору колдонулган.

Калдайган V тамгасы (англис сөзү victory –жеңиш) Лондондогу Ыйык Павел соборунун үстүнөн асманда калкып турган.

Ошол күнү пабдар жабылбай көпкө чейин иштешип, ал эми радиоугуучулар Черчиллдин сөзүнөн кийин согуш башталгандан бери биринчи жолу аба ырайы жөнүндө маалыматты угушкан.

1945-жылдын 8-Майы Европадагы кандуу согуштун аяктап, Гитлер жана нацисттер менен болгон согушта жеңишке жеткен күн болуп калды. Бирок чынында Экинчи дүйнөлүк согуш аяктай элек эле. Бул согуш дагы төрт айга созулуп, Япония капитуляция болгондон кийин биротоло бүттү.

Азыркы королева, анда принцесса Елизавета, өзүнүн ата-энеси - корол Георг VI жана королева Елизавета менен сыртта жыйналган элди Букингем сарайынын балконун куттукташкан болчу.

Жекшембиде согуштун ардагерлери куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү менен бирге Уайтхолдо, Финансы министрлигинин имаратынын жанынан параддан өтүшөт. Дал ушул жерде Черчилл тарыхый сөзүн сүйлөгөн эле.

Бүт Британия боюнча жакынкы үч күндө жеңишке арналган эскерүү салтанаттары, көчө майрамдары жана концерттер болот.

Алардын ичинен эң масштабдуусу Лондондогу Сент-Джеймс гүлбагындагы концерт болмокчу. Концертте согуш жылдарындагы ырлар жаңырмакчы.

Ушул эле жерде Өкмөт менен королдук британдык легион согуштун эки миң ардагерине дасторкон жайып, сый-урмат көрсөтүшөт.

Жеңиштин 70-жылдыгына арналган иш чаралар Европанын башка өлкөлөрүндө жана Шериктештиктин мамлекеттеринде да өтүүдө.

Францияда Жеңиш күнү улуттук майрам катары жарыяланган, президент Франсуа Олланд Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө барып гүл коет.

Москвада 9-Майда Кызыл Аянтта Жеңиш парады болот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвада 9-Майда Кызыл Аянтта Жеңиш парады болот.

Россия нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңишти 9-майда Москвада Кызыл Аянтта аскердик парад менен белгилейт.

Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Британия дагы, Россиянын Украинадагы аракеттерине нааразылык билдирип, өздөрүнүн өкүлдөрүн Москвага жиберүүдөн баш тартышты.

Европалык Биримдиктин лидерлери Европадагы экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70-жылдыгын майрамдоо үчун Польшанын Гданск шаарына чогулуп жатышат.

Бул иш чарага БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дагы катышмакчы болууда.