Македония: Кумановодогу согушкерлерди косоварлар жетектеген

Published

Македониянын бийликтери ишембиде чек арадагы Куманово шаарына кол салган согушкерлердин башында беш косовар турганын билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, алардын баары мурда бул жердин көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн Косовонун боштондук армиясынын мүчөлөрү болгон.

Кумановодогу кагылышуунун натыйждасында сегиз полиция кызматкери курман болду, 37 тартип коргоочу жарадар болду.

Расмийлер ишембиде Македонияга кол салган бир нече ондогон согушкерлердин тобу коңшу өлкөнүн аймагынан келгенин билдирүүдө, бирок кайсыл өлкө экени аталган жок.

Македониянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, куралчан топтун мамлекеттик мекемелерге кол салуу планы болгон.

Ишембидеги кандуу окуяга байланыштуу өлкөдө эки күндүк аза күтүү жарыяланды.