Техаста байкерлердин чатагында тогуз адам мерт болду

Published

Техаста Уейко шаарында байкерлердин касташкан эки тобу кармашып, натыйжада тогуз адам мерт болду.

Полициянын маалыматына караганда, сегиз адам чыр-чатак болгон жерде эле жан берди, бирөө ооруканага жеткенден кийин каза тапты.

Техасттын ММКларынын жазганына караганда, жарадарлар он сегиз адам болду.

Waco Tribune-Herald интернет порталы сурамжылаган күбөлөрдүн айтымында, байкерлер мушташкан Twin Peaks барынын жанындагы унаа токтоочу жай согуш талаасын элестетет.

"Парковкада отуздай курал бар экенин көрсө болот. Жүздөн ашык ок атылган окшойт", - деп айтты күбөлөрдүн бири Мишель Логан.

"Бандитос" жана "Казаки" деп аталган байкерлердин ортосундагы чатак жекшембиде күндүз эле башталыптыр.

Адегенде мушташып, андан кийин бычакташууга жана атышууга өтүшкөнүн Уейко шаарынын полициясынын өкүлү Патрик Суонтон билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон жерден качып кеткен байкерлер шаардан кетпей, кырчылдашканды улантышы ыктымал. Ошондуктан полиция шаардыктарды байкерлердин чыр-чатагы болгон райондон алыс жүрүүгө чакырууда.