Индия: ысыктан беш жүздөй киши каза болду

Published

Индиядагы өтө ысык аба ырайынан улам кеминде беш жүз киши каза болгону кабарланууда. Кээ бир райондордо аба ырайынын температурасы 48 градуска чейин көтөрүлгөн.

Каза болгондордун көпчүлүгү Андхра-Прадеш жана Телангана штатынын тургундары болгон.

Учура бийлик өкүлдөрү көчөгө чыкпоого жана суюктукту көп ичүүгө чакырууда. Андхра-Прадеш аймагында акыркы аптада мээ кайнаткан ысыктан 246 адам көз жумду.

“Каза болгондордун көпчүлүгү күндүн илеби катуу тийген жерде жүрүшкөн болчу. Алардын басымдуу бөлүгү элүү жаштан жогорку адамдар эле”, - деди Франс-пресс агенттигине Андхра-Прадеш штатынын өзгөчө кыдаал департаментинин өкүлү.

Метеорологдор билдиргендей, Индияда күндүн өтө катуу ысышына жаан жаабаганы себеп болууда.

Бул учурда күндүн ысыктыгы 40 градустун тегерегениде гана болушу керек эле. Азыр күн өтө ысыгандыктан, бак-дарактар кургап, адамдарга гана эмес, айыл-чарбасына да кедергесин тийгизүүдө.