Блаттер ФИФА башчылыгынан кетет

Published

ФИФАнын президенти Зепп Блаттер Цюрихтеги маалымат жыйынында кызматтан чегинээрин жарыялады. Анын айтымында, жакында бул уюмдун жаңы жетекчисин шайлоо өтөт.

Блаттер алдыдагы шайлоодо өзүнүн талапкерлигин көрсөтпөй турганын, бирок ага чейин милдетин аткара брээрин белгилеген.

“ФИФАнын мүчөлөрү мага жаңы мандат берип, президенттике кайрадан шайлаганына карабастан, бул мандатты футбол дүйнөсүнүн бардык жеринде - күйөрмандар, клубдар, оюнчулар... биз ФИФАдагылардай эле футболго өмүрүн арнагандар жактырбагандай сезилди. Андыктан мен чукул жыйын чакырып, кызматымды өткөрүп берем. Конгресс колдон келишинче кыска убакыттын ичинде өтүп, жаңы президент шайланат. Ага чейин мен өзүмдүн милдетимди аткара берем”, - деди Блаттер.

Ал андан тышкары ФИФАны реструктуризация муктаждыгы бар экенин айтты. Анын пикиринде ФИФАнын аткаруу комитетинин түзүмү жана саны кайрадан каралып чыгышы керек. Уюмдун мүчөлөрү ФИФАнын конгресси тарабынан шайланышы абзел.

Зепп Блаттер ФИФАны 1998-жылдан бери жетектеп келет. Өткөн аптада ФИФАнын жети бийик өкүлү коррупция жана башка кылмыштар боюнча айыпталып, камакка алынганда Блаттердин беделине мурда кийин болуп көрбөгөндөй көлөкө түшкөн.

Бул окуяга карабастан, Блаттер өткөн жума күнү – 29-майда ФИФАнын президенттигине кайрадан шайланып, көптөгөн сын-пикирлерге кабылган.