Чоң коллайдерге кара материя изделүүдө

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Аалам кантип жаралганын изилдеген окумуштуулар эң ири физикалык тажрыйба деп таанылган аппатартты кайрадан ишке киргизишти.

Швейцария-Франция чек арасына курулган Чоң адрон коллайдери эки жыл мурун кубатын күчөтүү үчүн токтотулган.

Адрон коллайдер кайра иштегенде окумуштуулар кубанычын койнуна ката албай, физиканын жаңы доору башталганын белгилеп жатышат.

Долбоордун жетекчиси Рольф-Диетер Хюрдун айтымында табылгалар дароо байкалбайт: “Эртең же бир айдан кийин жыйынтык болот деп ойлобоңуздар. Сабырдуу болуңуздар”.

Бул дорбоор аркылуу үч жыл мурун Питер Хисс жана башка окумуштуулар “Хисстин бозону” деп аталган өтө кичине атомдук бөлүкчөнү табышкан. “Ал бөлүкчө ааламдын жаралышын түшүндүрөт” – дешет окумуштуулар.

Аппараттын кубаты күчөтүлгөндөн кийин окумуштуулар атомдук бөлүктөрдү бир бирине эки эсе тез кагылыштырууга болот деп ишендиришүүдө. Ошондой эле жаңы микроскоп орнотулгандыктан мурун байкалбаган ачылыштар болушу мүмкүн деген үмүт бар.

Бүгүнкү күндөгү теорияларга ылайык, изилдөөчүлөр ааламдын 5 пайызын гана түшүнөт. Эми окумуштуулар мурун билбеген өлчөмдөрдү, көзгө көрүнбөгөн суперсимметриянын же глюинонун бөлүкчөлөрүн, башкача айтканда кара метерияны табышы ыктымал.

Дүйнөдөгү эң ири тажрыйба

Дүйнөдөгү эң ири физикалык тажрыйба мындан жети жыл мурда – 2008-жылы башталган. Атомдук изилдөөлөр боюнча Европалык борбордун окумуштуулары Франция менен Швейцариянын терең алдында 27 километрлик тегерек аппарат курушкан.

Аны курууга 9 миллиард доллар жумшалды. Чоң Адрон Коллайдер деп аталган бул аппаратта жарыктык ылдамдыгында койо берилген бөлүкчөлөр кагылыштырылып келет.

Тажрыйбанын максаты аалам жаралгандагы учурду тажрыйба негизинде көрүп, материя эмнеден тураарын табуу.

Женеванын тушунда жайгашкан Атомдук изилдөөлөр боюнча Европалык борбордун окумуштуулары жер алдында тегереги 27 километр болгон Large Hadron Collider аттуу аппаратта протондорду ташыган нурду койо беришкен.

Нур кишинин чачындай эле. Аны өтө күчтүү магниттердин жардамы менен жүгүртүшөт. Температурасы минус 271 градуска чейин муздатылган.

Бара бара бул нурдагы протондордун ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына теңелет. Андан кийин окумуштуулар бул нурга каршы багытта дагы бир нурду койо берет.

Бир нече апта ичинде туннелдеги атайын белгиленген жерлерде нурлар бир бирине кагылыштырылат. Натыйжада күндүн ысыгынан бир нече эсе көбүрөөк болгон ысык температура жаралат.

Бирок бул реакция чаңдын бөлүкчөсүнөн да кичинекей чөйрөдө болот.

Натыйжада жаралган атомдук бөлүкчөлөрдү дүйнө боюнча окумуштуулар деталдуу илиздемекчи. Анткени алар бул бөлүкчөлөр ааламдын айрым табышмактарын ачууга жол берет, аалам кантип биригип турганын түшүндүрөт деп ишенет.