Украинада орусиялык тасмаларга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
4-июндан баштап Украинада Орусиянын аскер күчтөрүн пропагандалаган тасмаларга, сериалдарга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.
"Украинанын маалыматтык телерадио мейкиндигин коргоо туралуу” мыйзамда, “Окуппант өлкөнүн укук коргоо, күч түзүмдөрүн агитациялаган, пропаганда кылган ар кандай видео жана аудио чыгармаларга тыюу салынат” деп белгиленген.
Бул талаптарды аткарбаган украин телеканалдары ири суммадагы айыпул төлөөгө мажбур болот.
Буга чейин Украинанын кино боюнча мамлекеттик агенттиги 15ке жакын орусиялык кино тасмаларды сатыктан алып салган. Себебин күч түзүмдөрүн даңазалаган тасмалар болгондугу менен түшүндүргөн эле. Бул тасмалардын ичинде "Кадетство" телесериалы, "Тергөө комитети" жана "Морпехи" деген сериалдар бар. Ошондой эле "Августтун сегизи” тасмасын да көрсөтүүгө тыюу салынган
























