Психикасы оорулуу үч эсеге көп чегет

Сүрөттүн булагы, thinkstock
Британиянын Коомдук саламаттык жана Улуттук саламаттык сактоо кызматтары жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, психикасы жабыркаган кишилер башкаларга салыштырмалуу тамекини үч эсеге көбүрөөк чегет.
Бул мекемелер 105 ооруканада атайын иликтөө жүргүзүшкөн. Эксперттер чылым тартуу адамды алсыратат, депрессияга батырат, ошондой эле дары-дармектердин оң таасирин кыскартат деп эскертишет.
Андыктан, Коомдук саламаттыкты сактоо уюму психикалык жактан жабыркаган адамдарды дарылаган бардык мекемелерде тамеки тартууга тыюу салууну сунуштоодо.
Бирок тамек чеккен адамдардын укуктарын коргогон “Форест” уюму психикалык оорулар боюнча бейтапканалар башка ооруканалар менен бирдей укуктарга ээ болушу керек деп эсептейт.
Соңку иликтөөдө психикалык жактан жабыркаган адамдардын 64%ы тамекине алдырганы аныкталган. Ага салыштырмалуу башка атуулдардын 18%ы гана темекиге берилген.
Медициналык адистер психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын орточо өмүр узактыгы башкалардыкына салыштырмалуу 10 жылдан 20 жылга чейин кыска болуп жаткандыгынын негизги себеби - чылым чегүү деп эскертишүүдө.

























