АКШ: Хакерлер 4 млн. адамдын маалыматын “уурдады”

2014-жылдын ноябрь айында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча министрлигинин 25 миң кызматкеринин жана миңге жакын федералдык өкмөттүн өкүлдөрүнүн маалыматтарын хакерлер элге жарыялап жиберген болчу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2014-жылдын ноябрь айында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча министрлигинин 25 миң кызматкеринин жана миңге жакын федералдык өкмөттүн өкүлдөрүнүн маалыматтарын хакерлер элге жарыялап жиберген болчу
Published

АКШнын федералдык мекемелери миллиондогон мамлекеттик кызматкерлердин персоналдык маалыматтарын хакерлер уурдады деген билдирүү таратты.

Алардын божомолунда, 4 миллионго жакын азыркы жана мурунку мамлекеттик кызматкерлердин жеке маалыматтары хакерлердин колунда болушу мүмкүн.

АКШ Сенатынын чалгындоо комитетинин мүчөсү Сюзан Коллинс бул чабуулду кытайлык хакерлер жасаган болушу ыктымал деп билдирди.

Хакерлер “уурдаган” маалыматтарда ар бир кызматкердин ишмердүүлүгү, жумушуна берилген мүнөздөмөлөр, профессионалдык даярдыктар жөнүндө маалыматтар камтылган болчу. Сюзан Коллинс мындай чабуулду “чет өлкөлүк держава жабык маалыматтарды ийгиликтүү түрдө алып жаткан мисалдардын бири” деп баалады.

Азырынча хакерлер атайын кызматтарда иштегендердин маалыматтарын алганы тууралуу сөз айтыла элек. Бирок бийлик бардык кызматкерлерге эскертүүлөрдү берип жатат.

Бул ишти учурда АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги (ФБР) иликтөөдө.

2014-жылдын ноябрь айында АКШнын улуттук коопсуздук боюнча министрлигинин 25 миң кызматкеринин жана миңге жакын өкмөттүн өкүлдөрүнүн маалыматтарын хакерлер элге жарыялап жиберген болчу.

1-апрелде президент Барак Обама киберчабуул жасады деген шектүүлөр санкция тизмесине киргизилет деген жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта хакерлердин эсеби тоңдурулуп, АКШ аймагына кире албайт деп жазылган. Андан тышкары шектүүлөр менен америкалык компаниялар, финансылык мекемелер кызматташтыкка барбайт деп эскертилген.