A320 кырсыгы: жаңы айыптоо жагдайы

Сүрөттүн булагы, epa
Франциянын прокуратурасы Алпы тоолорунда Germanwings компаниясынын учагы кырсыктаган окуя боюнча алгачкы тергөөдө билбей туруп киши өлтүрүү боюнча күнөө коюу мүмкүндүгүн карап баштады.
Азырынча мындай күнөө кимге коюлушу мүмкүн экени белгисиз.
Прокуратуранын өкүлү Марсель Брис Робен «Аэробус 320» учагын башкарып келаткан экинчи учкуч Андреас Любицтин учакты атайылап кыйратканында шек жок экенин билдирди.
Germanwings жана Lufthansa авиакомпаниялары 27 жаштагы Любиц учакты башкарууга зарыл болгон бардык текшерүүлөрдөн өткөнүн билдиришкен.
Ошол эле учурда Lufthansa аталган учкуч 2009-жылы учкучтун лицензиясын алуу үчүн даярдыктан өтүп жатканда оор депрессияга туш болгонун жашырган эмес.
Брис Робэндин айтымында, Любицти дарылаган айрым дарыгерлер аны учкуч боло албайт деп эсептешкен, бирок Германиядагы дарыгерлердин сыры жөнүндө мыйзамга таянып учкучтун оорусу жөнүндө иш берүүчү компанияларга айтышкан эмес.
Робэн учкучтун саламаттыгы жөнүндө бир жагынан дарыгерлерде, экинчи жагынан иш берүүчүлөрдө жетиштүү маалымат болбогонун атайы максат койбой туруп киши өлтүрүүгө алып келүү катары караганга болобу же жокпу, азыр ошол жагын тергөө изилдеп жатканын айтууда.
























