Тбилисидеги суу ташкыны 12 кишинин өмүрүн алды

Published

Жекшембинин түнүндө болгон грузин баш калаасы Тбилисидеги суу ташкыны кеминде он эки кишинин өмүрүн алды. Бул туралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады. Каза тапкандардын арасында шаардагы зоопарктын кызматкерлери да бар.

Дүйшөмбү күнү Грузияда аза күтүү жарыяланды. Шаар бийлиги кырдаалды оор деп айтууда. "Бир нече көчө, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсү, биринчи кабаты сууга толду. Ошондой эле жер астынан өтүүчү жолдор дагы сууга толуп калды”,-деди мэрия.

Грузиянын аймактык өнүктүрүү жана инфраструктура министрлиги билдиргендей, 500 куб көлөмдөгү көчкү Цхнети – Бетания багытындагы жолду бөгөп калып, кыймыл токтоду. Табият кырсыгы алып келген чыгым 10 млн доллардын тегерегинде деп айтылып жатат.

Тбилисинин мэри Давид Нарманиа суу ташкындаган учурда качып чыгып кеткен айбанаттардын көпчүлүгү дале табылбай жатканын айтты. Шаар мэри тургундарга кайрылып, зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай турууга чакырды.

"Бул жердеги айбанаттардын көпчүлүгү өлүп калды”,-деди зоопарктын директору Зураб Гуриелидзе.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Бул жердеги айбанаттардын көпчүлүгү өлүп калды”,-деди зоопарктын директору Зураб Гуриелидзе.

Качып кеткен айбанаттар

Кырсыктын чордону Тбилисинин борбордук бөлүгүндө болду. Бул жердеги дарыянын ташкыны үйлөр, көчө менен бирге зоопаркты каптады.

Бегемотту атайын курал менен атып, кармап алышты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бегемотту атайын курал менен атып, кармап алышты.

"Бул жердеги айбанаттардын көпчүлүгү өлүп калды”,-деди зоопарктын директору Зураб Гуриелидзе. Өлкөнүн ички иштер министрлиги жекшембиде эрте менен бардык кызматкерлерин ишке тартып, зоопарктан качкан айбанаттарды кармоого аракет кылды.

"Бир нечесин кармадык, бирок айрымдарын атып салууга туура келди”,-деп айтылат ИИМ билдирүүсүндө. Бирок канча айбанат өлгөнү айтылган жок.

Буга чейин суу каптаган зоопарктан алты арстан, алты жолборс, жети аюу жана он үч карышкырдын качып кеткени айтылган. Бегемотту атайын курал менен атып, кармап алышты.