Күрддөр Сириядагы шаарды кайтарып алышты

Тель-Абьяд шаары өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун сепили болуп келген деген маалыматтар бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тель-Абьяд шаары өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун сепили болуп келген деген маалыматтар бар
Published

Күрддөрдүн өзүн коргоо отряды Сириядагы “Ислам мамлекетинин” согушкерлери көзөмөлдөп турган стратегиялык мааниге ээ Тель-Абьяд шаарын кайтарып алганын билдиришти.

Отряддын командири Би-Би-Сиге билдиргендей, бул аймактагы согушкерлер жок кылынган жана качып кеткендер да бар.

Анткен менен шаардагы көчөлөргө мина коюлган болушу мүмкүн деп айтылып жатат. Ошондуктан күч түзүмдөрү миналар жок кылынганга чейин жергиликтүүлөрдү үйлөрүнөн чыкпоого кеңеш берүүдө.

Тель-Абьяд шаарынын күрддөрдүн колуна өткөнүн бир катар агенттиктер жазып чыгышты, алардын арасында Рейтер да бар.

Аталган шаар конфликттеги эки тарап үчүн дагы стратегиялык мааниге ээ. Бул аймакты ээлегендер Түркиянын чек арасынан Ракка шаарына чейинки регионду көзөмөлгө алса болот.

Ошондуктан Тель-Абьяд шаары өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун сепили болуп келген деген маалыматтар бар.