Европа жихадчылардын аккаунттарына бөгөт коет

Published

Европада "Ислам мамлекети" деп аталган күчтөр менен байланышкан сайттар жана аккаунттарды иликтеп аныктай турган полиция командасы түзүлүүдө.

Вашингтондогу Брукинг институтунун маалыматтарына караганда, "Твиттерде" "Ислам мамлекети" менен кандайдыр бир байланышта болгон 90 миң аккаунт болушу мүмкүн. Исламчыл согушкерлердин катарына жаштарды азгыруу аракеттери ушул аккаунттар аркылуу да жүрүп жатат.

Европол бир катар социалдык тармактар менен кызматташарын билдирүүдө, бирок алардын аталыштары ачык айтылбайт.

Социалдык тармактар полицияга "Ислам мамлекетинин" жихадчыларынын жана алардын жактоочуларынын аккаунттарын аныктоого жардам бермекчи.

Полиция исламчылардын аккаунттарын аныктоо боюнча ишти 1-июлдан баштамакчы.

Европолдун маалыматына караганда, "Ислам мамлекети" аталган күчтөрдүн катарында азыркы учурда беш миңден ашык европалыктар бар.