Грецияда банктар бир аптага жабылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Грециядагы банктар дүйшөмбү күндөн баштап бир аптага жабылууда. Расмийлер мындай чараны дефолт коркунучунан жана евроаймактан чыгуу маселесинен улам деп түшүндүрдү. Жарандарга күнүнө 60 евро гана алууга уруксат берилди.
Бул чечим Европалык борбордук банк грек банктарына чукул жардамдын көлөмүн көбөйтпөй турган болгондон кийин кабыл алынды.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас өлкө жарандарына кайрылып, сабырдуу болууга чакырды. Банктагы каражаттар сакталып турат деп айтты.
Шейшембиден кеч калбай Греция Эл аралык волюта фондуна 1,6 млрд евро төлөшү керек. Андай болбосо дефолт жарыялашы керек болот. Акыркы апталарда гректер банктагы эсептеринен миллиарддаган евро чыгарып кетишкен.

Сүрөттүн булагы, EPA
Банктар 7-июлга чейин жабык болот. Британиянын жана Германиянын өкмөтү Грецияга эс алууга барууну пландаган жарандарына накталай акча алып алууну эскертүүдө.
Жекшембиде түндөсү Грециянын парламенти өкмөт башчы Алексис Ципрастин референдум өткөрүү демилгесин колдоп берди. Ага ылайык өлкөдө 5-июль күнү чукул референдум өтөт.
Грециялыктар өлкөнүн Европа биримдигинен чыгышына пикирлерин жана мамлекет үчүн дагы карыз алууга макул же каршы экендиктерин билдиришет.
Греция азыр Евробиримдик жана ЭВФ менен 340 млрд еврого жакын карызын жайгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.




























