Түштүк Корея чыгашаларды көбөйтөт

Published

Европадан айырмаланып, Түштүк Корея өкмөтү экономикалык кыйынчылыктардан чыгуу үчүн чыгашалардан көбөйтүү жолун тандап алды.

Расмийлер чыгымдарды дээрлик 10 миллиард долларга жогорулатуу менен элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырабыз деп үмүттөнүүдө.

Лондон менен Берлиндеги өкмөттөр экономикалык кыйынчылыктардан чыгуунун үнөмдөө, бюджетти кыскартуу жолдорун тандап алса, Түштүк Корея экономиканы жандарыгууга көбүрөөк акча жумшагысы келет.

Бул жылы Түштүк Кореянын экономикалык өнүгүүсү үч пайыздан бир аз ашыгыраак болушу күтүлөт. Көптөгөн өлкөлөр үчүн жакшы көрсөткүч болгону менен, муну Түштүк Кореянын соңку тарыхындагы эң жай өнүгүү деп баалоого болот.

Түштүк Кореянын экономикасындагы өзгөрүүлөр эң биринчи кезекте Кытай экономикасындагы абалга байланыштуу.

Андан тышкары, бул өлкөдө “Мерс” илдети же төө тумоосунун жайылышы дагы өнүгүүгө кесепетин тийгизди. Андыктан өкмөт кошумча каржылоону негизинен ооруканаларга жумшайт.

Түштүк Кореянын чыгымдарды көбөйтүшү элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүн чыны менен эле арттырабы же жокпу азырынча белгисиз.

Бирок, кандай болгон учурда дагы бул өлкө Европадагы экономикалык ыкмаларды четке какты дешет серепчилер.