Гректер кредиторлордун сунушун четке какты

Published

Гректер референдумда өздөрүнүн премьер-министринин чакырыгына кошулуп, кредиторлордун сунушуна жок деген жооп айтышты.

Грециянын Ички иштер министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, гректер эл аралык кредиторлордун экстрендик карыз берүү жөнүндө сунуштарын көпчүлүк добуш менен четке кагышты.

Акыркы эсептөөлөр боюнча шайлоочулардын 61,3 % кредиторлордун сунуштарына каршы добуш беришти, ал эми макул болгондор 38,7 % болду.

"Сириза" башкаруучу партиясы кредиторлордун коюп жаткан шарттарын «басмырлоо» деп атап, алардын сунуштарына каршы добуш берүүгө чакырды, ал эми анын каршылаштары бул кадам Грециянын еврозонадан чыгып калышына алып келет деп эскертип жатышты.

Жекшембиде кечинде референдумдун натыйжасы белгилүү болоор замат, Грециянын премьер-министри Алексиси Ципрас өзүнүн жарандаштарын «демократиялык жана бирдиктүү Европа үчүн» добуш беришти деп билдирди.

"Греция эртең сүйлөшүүлөрдүн үстөлүнө кайра отурат, биздин башкы максатыбыз- өлкөнүн финансылык туруктуулугун калыбына келтирүү", - деп сүйлөдү ал улутка телевизиондук кайрылуу сөзүндө.

Ошол эле учурда Европалык Биримдиктин бир катар чоң кызматтагы жетекчилеринин пикирине караганда, гректердин тандоосу алардын кредиторлор менен сүйлөшүүдөн тикелей баш тартып жатканын билдирет.

Европалык топтун жетекчиси Йерун Дейсселблум референдумдун натыйжалары «Грециянын келечеги үчүн кейиштүү” болот деп билдирди.

Германиянын вице-канцлери Зигмар Габриэль Греция менен сүйлөшүүлөр кандайча уланышын «айтуу кыйын» деди.

Ошол эле учурда европалык башка жетекчилер референдумдун натыйжасына оң баасын беришип, эми үзүлүп калган сүйлөшүүлөрдү улантса болот деп жатышат.

"Азыр келишим түзүү үчүн кайрадан аракет кылса болот,- деп жазды Италиянын тышкы иштер министри Паоло Джентилони. – Бирок Европа алсыз, өсүп өнүгүүгө кудуретсиз болуп жаткан чакта грек чытырманынан чыга албайбыз".

Бельгиянын финансы министри Йохан ван Овертвелдт Греция үчүн эшик ачык жана сүйлөшүүлөрдү кайрадан “жакынкы сааттарда эле” баштаса болот деп билдирди.

Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Германиянын канцлери Ангела Меркель дүйшөмбүдө Парижде жолугушканы жатышат, ал эми еврозонанын саммити шейшембиде өтмөй болду.