Уимблдон: Серена Уильямс эжесин утту

Published

Лондондо Уимблдондун “чоң шлем” теннис беттешинде америкалык оюнчу Серена Уильямс эжеси Винус Ульямсты жеңип алып, чейрек финалга чыкты.

Төртүнчү айлампадагы бул оюн 6:4, 6:3 эсеби менен аяктады.

Кийинки оюнга орусиялык Мария Шарапова дагы өттү. Ал Казакстандын теннисчиси Зарина Диасты 6:4, 6:4 эсебинде утуп алган.

Мындан мурдараак төртүнчү айлампага дагы эки америкалык оюнчу чыккан. Алар - Мэдисон Кис белорусиялык Ольга Говорцованы, ал эми Коко Вандевэй чехиялык Люси Шафаржованы жеңип алышкан.

Уимблдон турниринин жалпы сыйлык фонду 26 миллион 750 миң фунтту (42 миллион 800 миң доллар) түзөт.