Афганcтанда тынчтык орнойбу?

Көптөгөн жылдар бою согушуп келген тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн башташты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн жылдар бою согушуп келген тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн башташты.
Published

Афган өкмөтү менен Талибан кыймылынын өкүлдөрү расмий түрдө биринчи тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү. Пакистандагы Исламамбад шаарына жакын аймакта орун алган бул жолугушууну афган расмийлери ийгиликтүү болду деп баалашты.

Бир нече аптадан кийин көптөгөн жылдар бою согушуп келген тараптар Кытай аймагында көрүшүп, сүлөшүүлөрдү улантышы күтүлүп жатат.

Афганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Карзай: “Биринчи жолу Талибан кыймылынын жетекчилигине жакын адамдар сүйлөшүүлөргө катышты”, -деп белгиледи.

Анын айтымында чыныгы тынчтык сүйлөшүүлөр өттү. Ошондой эле Пакистанда негизделген, Талибан кыймылына тыгыз байланышы бар Хаккани уюму да сүйлөшүүлөргө катышканы тастыкталды. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө бардык тараптар катышып жатканын серепчилер ырастап, ал туруктуу болот деп сыппатташууда.

Серепчилер сүйлөшүүлөрдөн дароо майнап чыкпайт деп эскертишүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Серепчилер сүйлөшүүлөрдөн дароо майнап чыкпайт деп эскертишүүдө.

АКШнын жана Кытайдын расмийлери сүйлөшүүлөргө байкоо салышты. Афган расмийинин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы орозо айынан кийин, Кытайда уланышы мүмкүн.

Ал ортодо Талибан кыймылынын айрым мүчөлөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүн четке кагышты. Серепчилер болсо сүйлөшүүлөрдөн дароо майнап чыкпайт деп эскертишүүдө. Бирок өлкөдө өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ күч алган сайын, Талибан кыймылы афган өкмөтү менен мунаса табууга мажбур болот деп айтылууда.