Грецияда банктар жабык, Ципрас жаңы планды сунуштоодо

Сүрөттүн булагы, Reuters
Грециянын бийликтери банктык каникулду узартууну чечишти. Банктар 13-июлга чейин жабык болот, банкоматтардан күнүнө 60 евродон гана накталай акча алууга мүмкүн.
28-июнда Афинанын кредиторлор менен болгон сүйлөшүүлөрү туюкка кептелип, ал эми Европалык борбордук банк Грециянын банкына экстрендик финансылык жардамдын көлөмүн көбөйтпөй турган болгондо ушундай чектөөлөр киргизилген.
Бирок грек бийликтери өлкөдө азык-түлүк менен отундун камы жетиштүү экенин билдирип, жашоочулар менен туристтерди сабырдуу болууга чакырууда.

Сүрөттүн булагы, AP
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас кризистен чыгуунун жаңы планын сунуштай турганын билдирди. Бейшемби – Афина үчүн еврозонанын өлкөлөрү чектеген акыркы мөөнөт.
Жекшембиде грек кризиси Евробиримдиктин экстрендик саммитинде талкууланат, анын ишине биримдиктин бардык 28 өлкөсүнүн лидерлери катышат.
Европалык Кеңештин президенти Дональд Туск «еврозона өзүнүн тарыхында эң кыйын учурду баштан өткөрүп жатканын» эскертти.
Эгер Грециянын бийликтери финансылык жардам программасын улантуу жөнүндө бир келишимге келе алышпаса, анда дефолт жарыялоого, анын артынан еврозонадан чыгууга тийиш болот.
























