АКШ: Иран маселеси шашылбай чечилет

Сүрөттүн булагы, AP
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү бүткөрүүгө тараптар шашпай турганын айтты.
Буга айрым олуттуу маселелердин чечилбей жатканын себеп болууда. Иран жана дүйнөнүн алты державасы Венадагы сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасында өздөрү белгилеген эки мөөнөт бүткүчө мунаса таба алышкан жок.
Дипломаттар күндүн соңуна чейин мунаса табабыз деп үмүттөнүп жатышкан. Антпесе, АКШнын Конгрессине келишимди карап чыгуу үчүн отуз күн эмес, 60 күн керек болот.
Бирок Керри мырза тараптар эч жакка шашпай турганын айтып, убакыттын сыноосуна туруштук бере алган макулдашууга жетишүүнү көздөп жатышканын белгиледи.
Жылыштар болгонуна карабастан, айрым олуттуу маселелер чечилбей кала берүүдө.
Деген менен АКШ мамкатчысы кошумчалагандай, президент Барак Обама бул процесстин чеги болушу зарылдыгын, эгер катаал чечимдер кабыл алынбаса, сүйлөшүүлөрдү токтотууга даярдыгын билдирген.

























