Британия: абактагыларга китеп берүү эрежеси алынды

Published
Улуу Британиянын Юстиция министри Майкл Гоув абакта кармалып тургандарга китеп берүүнү чектеген эрежени жокко чыгарды.
Буга чейин бир камерага 12 китеп гана берүү чеги бар эле. Жаңы эрежелер боюнча, эми түрмөдөгү адамдардын жакындары жана достору аларга китепти каалагандай жибере берсе болот.
2015-жылдын сентябрь айында күчүнө кире турган мындай өзгөртүү Англия жана Уэльсте кармалып турган сексен миңден ашык адамга тиешелүү.
Бийликтегилер китепти чектеген эрежени жокко чыгаруу – абакта кармалгандардын жазаны өтөгөндөн кийинки ишке орношуусуна даярдоо болуп саналат деп айтып жатышат.
Түрмө саясатын өзгөртүү боюнча мындай эреже Майкл Гоувдун Юстиция министри болгондон кийинки биринчи демилгеси деп айтылууда.

























