Кесарево бизнеске айландыбы?

Published

Кесарево ыкмасы менен төрөтүү көрсөткүчтөрү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өсүүдө. Мисалы, Бразиялияда бардык төрөттөрдүн 56%ын Касерево операциясы түзгөн. Натыйжада өкмөт жакында Кесарево ыкмасын колдонууга чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму табыгый көз жарууга караганда, Кесаревону тандап алуунун себептери ар түрдүү деп эсептейт.

Бразиялияда “Кесарево эпидемиясын” басуу үчүн мындан ары кош бойлуу эненин операция жолу менен төрөөгө кат түрүндөгү макулдугу жана медицина кызматкерлеринин негиздемеси талап кылынат.

Латын Америка өлкөсү төрөттө Кесарево жолун колдонуп жаткан өлкөлөрдүн арасынан дүйнө боюнча алдыңкы орунда турат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 200 миллион калкы бар бул өлкөдө наристелердин теңинен көбү операция жолу менен туулган.

Медицина эненин өмүрү коркунучта турганда Кесарево жолу менен төрөтүүгө жол берет. Бирок Бразиялияда кош бойлуулардын көбү эч кандай олуттуу себеби жок эле операцияны тандап алышкан.

“Кесарево ыкмасы жайылган 35 жыл ичинде соңку он жылдагы көрсөткүчтөр кескин өстү. Буга биз кылдат көзөмөл жүргүзүп, операцияга чындап муктаж болгондорго эле колдонгудай кылышыбыз керек”, - деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун репродуктивдүү ден-соолук бөлүмүнүн башчысы Марлин Теммерман.

Коңгуроо каккан көрсөткүчтөр

Эл аралык саламаттыкты сактоо коомчулугу өлкөлөрдө Кесарево ыкмасын колдонуу 10-15%дын ортосунда болушу керек деп эсептейт. 1985-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы дал ушул көрсөткүчтү оптималдуу деп тапкан.

Кесарево ыкмасын 10%дан ашуун колдонгон өлкөлөрдө эне-баланын өлүмү кыскарган. Ошол эле учурда төрөттүн операция жолу 15%дан ашканда бош бойлуу энелердин абалы жакшырды дегенге бир дагы далил жок.

Мындай өлкөлөргө жылпы төрөттүн 56%дан ашыгы Кесарево ыкмасы менен жасалып жаткан Бразиялия жана Доминикана Республикалары кирет.

Андан кийинки катарда Египет (51,8%), Түркия (47,5%) жана Италия (38,1%) турат. Мексика, Иран жана АКШ дагы Кесаревону көп колдонгон өлкөлөрдүн арасында.

Ал эми, эң кызыгы, Кытай операциялык жол менен төрөтүү боюнча алдыңкы өлкөлөргө кошулбай калган. Бул өлкөдө Кесарево 25%га колдонулаары белгиленген.

Айрым адистер Кесаревону врачтар бизнеске айлантып алышты деп эсептешет.

Энелердин тандоосубу же чоң бизнеспи?

Кесарево ыкмасынын кадимкидей нормага айланып калышынын себеби эмне? Эксперттер белгилегендей, 1990-жылдардан мурун Кесарево ыкмасы Бразилияда балалуу болууну каалабаган, башкача айтканда акыркы баласын төрөп жатканын ойлогон энелерге карата колдонулган "эки-төрт-бир" процедурасы катары белгилүү болгон.

Учурда табигый эмес түрдөгү төрөттүн бул ыкмасы дарыгерлер үчүн ыңгайлуу абалга айланып калгандай. Врачтар түн ичинде аялдын суусунун жарылуусунан, күтүүсүз чалуулардан же болбосо, бир нече саат бою толготуунун ордуна Кесарево ыкмасын пайдаланышат.

Анын үстүнө хирургиялык кийгилишүү табигый төрөткө караганда материалдык жактан кирешелүү.

"Бул маселедеги негизги ой - Кесарево ыкмасы төрөттүн "алтын стандарты" катары каралып жатышында. Медициналык кызматкерлер Кесарево ыкмасын таза жана стерилдик, ал эми табигый төрөттүн болсо жийиркеничтүү жана кир экендигин элдин мээсине сиңдирип жатышат" - дейт Сао Паоло Университетинин Коомдук Ден-соолук бөлүмүнүн кызматкери доктор Симоне Диниз.

Бразилияда эң бай тармактардын бири - жеке медициналык камсыздандыруу болуп эсептелет. Камсыздандырууну жеке менчик ооруканаларда жасайт. Ал эми ал ооруканаларда Кесаревонун саны өсүп жатканы белгилүү.

Мындай тенденция Кесарево көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы сапта турган өлкөлөрдүн дээрлик баардыгында бирдей.

Италияда мисалы, анкеталык сурамжылоо далилдегендей, Кесарево ыкмасын көпчүлүк учурда "оорудан коркуу" максатында жана аялдар аны "азыраак травма", "азыраак кан жоготуу" катары кабылдашканы үчүн тандашат.

Сырткы көрүнүш маанилүүбү?

Кесаревого алып барган дагы бир себептердин бири - аялзатынын дене-мүчөсүнүн көрүнүшү. Көпчүлүк аялдар өздөрүнүн мүчөсү жана жыныстык органы баштапкы формасын жоготпосун деп кестирүүгө барышат.

«Сексуалуу денеге ээ болуу Латын Америкада маанилүү маселелердин бири. Мындан улам Кесарево ыкмасынын саны Мексика, Доминикан Республикасы, Чили жана Аргентинада өсүүдө», - деп кошумчалайт доктор Диниз.

Кытайда көрсөткүчтөр аз болгону менен, жүйөөсүз жасалган Кесарево операцияларынын саны саны боюнча алдыда. Бул өлкөдө жергиликтүү каада-салт, ырым –жырымдар энелерди баланы «бактылуу күндөрдө» төрөө идеясына түртөт.

Ал эми Нигерия, Чад, Эфиопия жана Буркина Фасо сыяктуу Африка өлкөлөрүндө, тескерисинче, ымыркайлардын 2%дан азыраагы гана кестирүү жолу менен дүйнөгө келишет. Бул дагы Саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан кабыл алынган 10%дык нормадан төмөн калып, эне-баланын саламаттыгына коркунуч келтирет.

Кесарево ыкмасы менен төрөтүүнүн эң оптималдуу көрсөткүчү – 15%дык чекти азырынча Голландия гана сактап жатканы белгилүү болууда.