Багдаддагы жардыруудан 29 киши мерт кетти

5-июлда эле Багдадда бомба жарылып, 15 кишинин өмүрүн алган эле
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 5-июлда эле Багдадда бомба жарылып, 15 кишинин өмүрүн алган эле
Published

Ирактын борбору Багдад шаарында болгон жардыруудан кеминде 29 киши мерт кетти. Жергиликтүү полиция Ирактын үч башка районунда жардыруу болгонун айтууда.

Натыйжада сексенден ашык адам жарадар болушту. Учурда каза болгондор жана жарат алгандардын саны такталууда.

Жардыруунун бири базарда болгон, жанкечти эл көп чогулган жерге келгени айтылууда. Башкалары болсо автомобилдин жарылуусунан кырсыктаган.

Мындай жардырууга жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Бирок буларды өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террористтик топ жасаганы айтылууда.

5-июлда эле Багдадда бомба жарылып, 15 кишинин өмүрүн алган эле.

Ирактын түндүк жана батыш аймактарынын көпчүлүк аймактарын көзөмөлдөп турган өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ менен күрөшүп жаткан аскерлерге Ирак аба күчтөрү жардам берип жатканын айтышууда.