Иран боюнча тарыхый келишим түзүлдү

Иран менен АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия ортосундагы сүйлөшүүлөр 2006-жылдан бери натыйжасыз болуп келген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран менен АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия ортосундагы сүйлөшүүлөр 2006-жылдан бери натыйжасыз болуп келген.
Published

Иран жана алты ири өлкө Ирандын өзөктүк долбоору боюнча келишимге жетишти. Ага ылайык Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынмакчы.

Ирандын тышкы иштер министрлиги бул келишимди "тарыхый" кадам болду дем мүнөздөдү. Иран менен АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия ортосундагы сүйлөшүүлөр 2006-жылдан бери натыйжасыз болуп келген.

Бул келишимди айрымдар "тарыхый" деп сыпаттаганы менен, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү Иран менен коркунучтуу макулдашууга барды деп кооптонгон тараптар дагы бар.

Келишимге ылайык, Иран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макул болду. Бирок Тегерандын айрым өлкөлөр бул мисиянын арты менен Иранга тыңчыларын киргизет деген шектенүүлөрүнөн улам эксперттердин өзөктүк аймактарга алдын ала макулдашуу аркылуу гана баруу шарты каралганы айтылууда.

Документте Иранга каршы санкцияларды алып салуунун мөөнөттөрү дагы белгиленген. Санкциялар Иран өзүнүн милдеттемелерин аткара баштаганда гана алынмакчы.

Кубаттоо менен кабыл алынды

Ирандын өзөктүк долбоорлору боюнча келишимди дүйнөлүк лидерлер кубаттоо менен кабыл алышууда. БУУну баш катчысы Пан Ги Мун тараптарды куттуктап кайрылуу жасады. Өзөктүк куралдарды жыйылтпоо боюнча институттун директору Марк Фицпатрик: “Бул келишимдин арты менен өзөктүк курал дагы болбойт, согуш дагы болбойт”,- деген пикирин билдирди.

Алты держава Иран менен келишим түзгөнүнө нааразы болгон өлкөлөр да бар. Анын алдыңкы сабында Израиль менен Сауд Арабиясы турат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху келишимди "тарыхый катаачылык" деп сындады.

Барак Обама
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барак Обама

АКШнын президенти Барак Обама болсо, Акүйдөн телекайрылуу жасап, бул макулдашуу Ирандын өзөктүк курал жасоо мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коет деп айтты.

“Бүгүн Америка күч-кубаты жана принциптерине таянып сүйлөшүү жүргүзгөндүктөн, бул аймакта өзөктүк куралдын жайылышына бөгөт коюлду. Бул келишимдин арты менен эл аралык коомчулук Иран Ислам Республикасы өзөктүк курал жасабайт деп ишенет. Келишимдин ар бир сабы жазындагы жетишкен макулдашууларга толук жооп берет. Өзөктүк куралга жетүүнүн бардын жолдору бөгөлдү”, - деди Барак Обама.

Артка карай эшик ачык

Ошону менен бирге АКШ лидери эгер Иран милдеттемелерин аткарбаса, анда келишимдердин бардыгы бузулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Иран менен түзүлгөн жаңы келишимди эми АКШнын Конгресси бекитиши керек. Байкоочулар бул документ көптөгөн пикир келишпестиктерден улам, Конгресстен өтпөй калышы мүмкүн деп божомолдоп жатышкан.

Барак Обама келишимди жокко чыгарууга аракет кылган мыйзамдарга вето коерун эскертти.

“Бул келишим Кошмо Штаттардын жана биздин өнөктөрдүн улуттук кызыкчылыктарына төп келээрине ишенем. Андыктан, бул чечимге бөгөт коюуга аракет кылган мыйзамдардын бардыгына вето коем. Биз маселенин жаңжалга айланышына жол бербешибиз керек. Тобокелчиликтер чоң болгондуктан, азыр саясий оюндардын учуру эмес. Вашингтондун өктөм сүйлөшүүлөрү көйгөйдү чечпейт", - деди Обама.

Иранда майрамдык маанай

Ирандын президенти Хасан Рухани да мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылуу жолдоду.

"Элибиздин дубалары кабыл болду. Жакшы келишимге жетиштик. Тарыхыбыздын жаңы барагы ачылды", - деди Иран президенти.

Иран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макул болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран өзүнүн өзөктүк аймактарына БУУнун инспекторлорун киргизүүгө макул болду.

Тегеранда жөнөкөй тургундар да, бул келишимди кубануу менен кабыл алганын кабарчылар билдиришүүдө.

“Ушунча көп жылдарга созулган санкциялардан кийин Иран эли бүгүн бактылуу. Эми жашообузда өзгөрүүлөр, көптөгөн өзгөрүүлөр болот”, - дейт баш калаа Тегерандагы тургундардын бири.

Санкциялардын алынышы менен Иран экономикалык жактан утат деп айтылып жатат. Негизинен ири мунайзат жана газ өндүрүүчү катары товарларын экспорттоого жол ачылат. Ирандын мунайзат товарлары санкциялардан бошотулат деген кабарлар эл аралык рынокко дароо эле таасирин тийгизе баштаганы кабарланды. Бүгүн Орусиянын улуттук валютасы рублдин куну түшкөнү белгилүү болду.

Ирандын банктарына салынган чектөөлөр алынган соң, коңшу өлкөлөр менен соода-сатык дагы жанданышы мүмкүн. Бирок мунун бардыгы эртең эле сезилбейт. Ирандын кайрадан эл аралык байланыштарды, соода-сатыкты жандандырышы үчүн бир нече жылдар талап кылынаары айтылууда.