“Освенцимдин бухгалтери” 4 жылга кесилди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Германиядагы сот нацисттик концлагердин мурдагы күзөтчүсү, 94 жаштагы Оскар Гренингди кеминде 300 миң еврейди өлтүрүүгө катышкан деген айып менен төрт жылга абак жазасына кести.
“Освенцимдин бухгалтери” деген ат менен белгилүү Гренинг нацисттик лагерде эки жыл иштеп, туткундардан конфискацияланып алынган акчаларды жана буюмдардын эсеп-кысабын жүргүзгөн.
Гренинг Холокост үчүн өзүнүн моралдык жоопкерчилиги бар экенин мойнуна алып, бирок юридикалык жактан күнөөлүү эмес экенин айткан.

Анын адвокаттары еврейлердин кырууга катышкан эмес деп эсептешет. Ал эми прокурорлор болсо, Гренинг Аушвиц лагеринин иштешине көмөктөшкөн деген айып коюшкан.
Көптөр Гренингдин жаш курагы өтүп кеткендиктен, сот чечиминин аткарылаарынан шек санап жатышат.
Кандай болгон учурда да, ал Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы нацисттердин сот алдында жоопкерчиликке тартылган эң акыркы өкүлдөрүнүн бири болуп калышы ыктымал.

























