Талибан башчысы өкмөт менен сүйлөшүүнү колдоду

Афганистандагы Талибан лидери Мулла Омар өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү колдоого алды. Сейрек билдирүүсүндө ал Ислам мыйзамдары душман менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн четке какпайт деп айткан.
Талибан лидери бул процессти өлкөнү чет элдик баскынчылардан бошотуу аракети деп мүнөзөгөн. Андан тышкары Мулла Омар өзүнүн жактоочуларын өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы биригүүгө чакырган.
Афган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү маселесинин айланасындагы сөздөр бул билдирүүнүн эң маанилүү бөлүгү. Афган расмийлери өткөн айда Пакистандын аймагында Талибандар менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн кабарлаган эле.
Бирок бул жолугушууга катышкандар чыны менен эле Талибандын өкүлдөрү беле деген маселе суроолорду жараткан. Орозо Айттан кийин бул сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өткөндө толугураак маалыматтар чыгышы күтүлүүдө.
Бул кайрылуу Орозо маалында жарыяланганы белгилүү. Бирок, анткени менен байкоочулар муну менен Мулла Омар тирүүбү же өлүүбү деген ушак-айыңдар жокко чыкпайт деп белгилешүүдө.

























