Ди Каприо жаратылышты коргоого 15 млн доллар кайрымдуулук кылды

Published

Белгилүү актер жана продюсер Леонардо Ди Каприо экологиялык уюмдар үчүн 15 млн доллар каражат которгонун билдирди.

Актердун кайрымдуулук үчүн жөнөткөн каражатын алган фонддордун арасында Африка менен Амазониянын жапайы жаратылышын жана пилдерди коргоо үчүн иш алып барган уюмдар бар.

"Биздин планетанын жаратылышы ушунчалык тездик менен бүлүнүп жатат. Ага биз эми кайдыгер боло албайбыз”, - деди актер.

Ди Каприонун колдоосун Amazon Watch, Save The Elephants, Tree People жана World Wildlife Fund уюмдары алды.

1998-жылы "Титаник" тасмасы тартылып бүткөндөн кийин Ди Каприо өзүнүн фондун ачкан. Фонддун максаты жер шаарындагы экологияны коргоого багытталган. Учурда бул уюмдун 40 өлкөдө өкүлчүлүктөрү иштейт. Өткөн жылы Ди Каприо климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалган эле.