Курандын эң байыркы манускриптин аныкташты

Published

Бирмингем университетинин кызматкерлери алардын китепканасында сакталып турган Курандын кол жазмасынын барактары дүйнөдөгү эң байыркы манускриптердин бири экенин аныктап чыгышты.

Изилдөөчүлөр радиоуглероддук анализ мусулмандардын ыйык китебинин барактарынын мындан 1300 жыл мурда пайда болгондугун көрсөткөндө абдан таң калышканын айтышууда.

Бул демек, манускриптин үстүндө иштеген адам теориялык жактан алганда Мухаммед пайгамбар менен жолугушу да, анын осуяттарын уккан болушу да мүмкүн деп жатышат.

Курандын жазмасын башка миңдеген байыркы документтер менен кошо 1920-жылдары Жакынкы Чыгыштан тарыхчы, Ирактын тургуну Альфонс Мингана аталган университетке берген экен.