Грециянын парламенти жаңы реформаларга добуш берди

Published

Грециянын парламенти Евробиримдиктин талабы боюнча жарандык сот системасынын реформасын тездетүүнү жана финансылык институттарды жакшыртууну караган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бул документ Афинага эл аралык кредиторлор менен 85 млрд евро көлөмүндөгү финансылык жардам программасы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштаганга жол ачат.

Өкмөт сунуштаган мыйзам долбооруна 230 депутат колдоп добуш берди, 63 каршы, бешөө калыс болду.

Бул мыйзамга каршы добуш бергендердин арасында «Сириза» партиясынан шайланган 31 депутат бар. Алар башкаруучу коалициянын өзөгүн түзөт.

Бирок бул партиядан каршы болгондордун саны өткөндө парламент салыктарды көбөйтүү жана мамлекеттик чыгымдарды азайтуу жөнүндө мыйзамды караган учурга салыштырмалуу азайды.

Грек парламенти европалык кредиторлор менен макулдашылган реформалардын программасын бекиткенден кийин Греция үчүн Европалык борбордук банктын экстрендик фондуларына жол ачылат.