Мексикада адам сөөктөрү массалык көмүлгөн жайларды табышты

Published

Мексиканын Герреро штатындагы Игуала шаарында адамдар массалык түрдө көмүлгөн 60 жерди табышты.

Бул өткөн жылы сентябрда жоголуп кеткен 43 студентти издөөнүн жүрүшүндө табылып отурат. Жалпысынан бул мүрзөлөрдө 129 адам сөөгү бар экен.

Бул маалыматты Мексиканын Башкы прокуратурасы Ассошиэйтед пресс агенттигинин расмий суроосу боюнча жарыялады.

Игуала шаарында каршылык акциясына активдүү катышкан студенттер өткөн жылы 26-сентябрда полиция менен кагылышкандан кийин жок болуп кетишкен.

Демонстрациянын көп катышуучуларын полиция алып кетип, айрым студенттерди баңгикартелдин согушкерлеринин колуна берген деп жатышат.

Мексиканын бийликтеринин маалыматына караганда, студенттерди өлтүрүп, ал эми сөөктөрдү жок кылып салган болушу ыктымал. Буга чейин бир гана сөөк табылды.

Жалпысынан бул кагылышууда алты адам өлтүрүлгөн, 17 жаракат алган, ал эми 57 бейдарек кетип, алардын ичинен 14 кийин үйүнө кайтып келген болчу.

Полиция кызматкерлери студенттерге кол салууга аларды активдүү каршылыгы үчүн шаардын мэри буюртма берген деп көрсөтмө беришкен.