Түркия НАТО менен “ИМге” каршы күрөштү талкуулайт

Сүрөттүн булагы,
Түркия «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн согушкерлерине жана күрд жикчилдерине каршы согуштук аракеттерди координациялоо маселесин талкуулаш үчун НАТОгө мүчө өлкөлөрдүн чукул жыйынын өткөрүү демилгеси менен чыгууда.
Жолугушуу жакынкы шейшембиде Брюсселде өтүүгө тийиш.
Түркиянын куралдуу күчтөрү Сириядагы «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн согушкерлерине бир нече аба сокккуларын урушту, ошондой эле жакында болгон бир нече кол салуудан кийин Ирактын түндүгүндөгү “Курдистан жумушчу партиясынын” (КЖП) лагерине аба чабуулдарын кайра баштады.
20-июлда болгон ушундай инциденттердин биринде болжол менен “ИМ” согушкери болгон жан кечтинин жардыруусунун айынан 32 адам курман болду.
КЖП бул окуяны Түркиянын «Ислам мамлекети» менен кызматташтыгы катары кабыр алып, жооп иретинде түрк полициясына кол салууларды жасады.
Жекшембиде Түркиянын согуштук аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү күрд жикчилдерине жасаган аба чабуулдары иш жүзүндө эки жылга созулган тынчтыкты бузду.
КЖПнын өкүлү Франс пресс агенттигине түрк учактары жикчилдердин Дахук жана Эрбиль шаарларынын түндүгүндөгү эки позициясына аба соккуларын жасаганын билдирди.
Ички чыр-чатак
Түркиянын өтүнүчү жөнүндө Би-Би-Сиге НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди. Анкара НАТОнун мүчөлөрүнө өзүнүн коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келген учурда союздаштардын жыйынын чакырууга укук берген Түндүк Атлантика келишиминин төртүнчү беренесинен пайдаланды.
Столтенбергдин айтымында, эки күн мурда ал Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен сүйлөшүп, курман болгон полиция кызматкерлери жөнүндө көңүл айтып, Түркиянын «Ислам мамлекетине» каршы жүргузүп жаткан күрөшүнө колдоосун билдирген.
АКШ Анкара менен КЖПны кан төгүүдөн алыс болууга чакырышты, бирок Анкара күрд жикчилдеринин куралдуу кол салууларынан коргонууга укугу бар экенин да белгилешти.
Би-Би-Синин Стамбулдагы кабарчысы Марк Лоуэндин айтымында, өлкөдө Түркиянын расмий бийликтери менен күрддөрдүн ортосундагы чыр-чатак кайрадан курчуп чыгышы мүмкүн деген кооптонуулар болууда.




























