АКШ менен Түркия согуштук өнөктүктү талкуулашууда

Published

АКШ Сириянын түндүгүндөгү «Ислам мамлекети» аталган экстремисттик күчтөргө каршы согуштук операция жүргүзүү жөнүндө Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырасташты.

Мамлекеттик департаменттин спикери Джон Кирбинин айтымында, коалиция «чек арага чектеш областта күүлүү-күчтүү аракет көрмөкчү”.

Бирок ал түрк аба күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү күрд позицияларын бомбалашына АКШ санкция берген эместигин билдирди.

«Ислам мамлекетине» каршы согушуп жаткан күрддөр Түркияны алардын позициясына абадан чабуул жасады деп айыптоодо.

Алардын сөзү боюнча Түркия «Ислам мамлекетине» каршы согушка жамынып алып чынында күрддөрдүн куралдуу күчтөрү менен күрөшкөн жатат.