Индияда теракт уюштурган Якуб Мемон дарга асылды

Published

Индияда 1993-жылы Мумбай шаарында болгон 257 адамдын өмүрүн алган жардырууларды уюштурууга күнөөкөр болуп табылган Якуб Мемонду жазага тартышты.

Индиялык телеканалдар билдиргендей, Мемон таң эрте Нагпур шаарында дарга асылды.

Өткөн жумада Индиянын Жогорку Соту 2007-жылы өлүм жазасына өкүм кылынган Мемонго ырайым берүү жөнүндө өтүнүчтү четке каккан эле.

1993-жылы Мумбай шаарында 13 жардыруу болуп, андан 250дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган. Андан башка дагы миңдей адам жаракат алып жабыркаган эле.

Жардыруучу заттар коомдук жайларда, анын ичинде фондулук биржанын жанында токтоп турган бир нече автоунаага коюлган.

Жардыруудан мурда 1992-жылы январда индуисттер менен мусулмандардын ортосунда кагылышуулар болгон.

Бул жардыруунун башкы уюштуруучулары катары Давуд Ибрагим менен Жолборс Мемон атыккан Ибрагим Мемонду айтышат.

Алар азыркы учурда Индиянын атайын кызматтарынын маалыматы боюнча Пакистанда жашынып жүрүшөт. Якуб Мемон Ибрагим Мемондун бир тууганы.