MH370 каттамынын сыры: Реюньон аралында окшош сынык табылды

Сүрөттүн булагы, AFP
Индия океанында Франциянын Реюньон аралынын жээгинен белгисиз учактын калдыктары табылды.
Узундугу эки метр келген канаттын сыныгын жээкти тазалап жүргөн жергиликтүү адамдар таап алышкан.
Азыр аны малайзиялык авиакомпаниянын MH370 каттамын аткарып жүрүп жоголуп кеткен “Боинг” учагынын калдыгы деген ар кандай божомолдор айтылууда.
"Аны бүтүндөй ракушка басып калыптыр, демек аны суу алдында көпкө чейин жаткан деп айтса болот", - деп күбөлөрдүн бири айтты.
Франциянын авиациялык бийликтери иликтөө жүргүзүп баштады.
"Бул табылга менен жыйынтык чыгарууга шашпаш керек, - деди Эрик Чесно, Реюньон аралындагы авиатранспорттук полициянын кызматкери. – Бул чынында эле учактын сыныгына окшошот, бирок андан башка азыр эчтеке билбейбиз ".
Авиакоопсуздук боюнча эксперт Ксавье Тительман бул сынык өткөн жылы март айында Индия океанынын үстүнөн бейдарек жоголгон учактын калдыгы болушу мүмкүн деп жатат.
Аталган учак Куала-Лумпурдан Пекинге бараткан багытынан четтеп, Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн жоголгон. Анын бортунда 239 адам болгон.
Тительмандын пикирине караганда, сыныктын биринчи сүрөттөрү анын “Боинг-777” учагынын канатына аябай окшош экенин көрсөтүүдө.
Ал ошондой эле сыныктын сыртындагы BB670 деп жазылган кодировканы көрсөтүүдө:
"Бул кодировка учактын каттоо номуру эмес, анын сериялык номуру да эмес. Бирок аны менен бул объекттин кайдан чыгарылганын аныктаса болот. Бир нече күндөн кийин бизде так жооп болот”,-деди эксперт.
Австралиянын жетекчилиги алдында жүргүзүлгөн издөө-куткаруу операциясынын жүрүшүндө деңиздин 50 миң чарчы км түбү изилденген же бул Индия океанынын 60 пайызын камтыйт.
MH370 учагынын бортунан келип жаткан сигналдар боюнча Индия океанынын тийиштүү бөлүгү изилдөөгө алынып, бирок оң натыйжа берген эмес эле.
Реюньон аралы изилдөө иштери жүргүзүлгөн райондон батышка карай 6000 км аралыкта, Мадагаскарга жакын жерге жайгашкан.
АФП агенттиги билдиргендей, издөөлөр реалдуу натыйжа бербегенден кийин ар кандай көп конспирологиялык божомолдор пайда болгон.
Мисалы, учак АКШнын Диего-Гарсия аралындагы аскердик базасына чабуул коюу үчүн уурдалып кеткен, бирок кийин америкалык авиация тарабынан атып түшүрүлгөн деген божомол бар.
Америкалык бийликтер бул теорияны четке кагышкан.
Америкалык авиаэксперт Джефф Уайз ушул жылдын башында айткан божомолунда MH370 каттамын аткарган учак орус бийликтеринин буйругу менен Казакстандагы россиялык базага алынып кеткенин, аны Украинадагы кризис боюнча Батышка кысым көрсөтүү үчүн же учактын бортундагы кайсы бир жүргүнчүнү же жүктү кармап калыш үчүн жасалган деп билдирген.




























