Бээжин 2022-жылкы Кышкы оюндарды өткөрөт

Published

Эл аралык олимпиада комитети 2022-жылкы Кышкы олимпиада оюндарды өткөрүү укугун Бээжин шаары утканын жарыялады.

Кышкы оюндарды өткөрүү үчүн Казакстандын Алматы шаары менен Кытайдын Бээжин шаары ат салышкан. Жарышка катышам деген Швециянын Стокгольм, Польшанын Краков жана Украинанын Львов шаарлары талапкерликтен баш тартышкан.

Казак делегациясы Алматы шаары Бээжинге салыштырмалуу Кышкы оюндарга ылайыктуу экенин айтып келишкен. Делегацияны баштап барган Казактсандын премьер-министри Карим Масимов Эл аралык олимпиада комитетин тарыхый чечим кабыл алууга чакырган.

"Бизге ишениңиздер. Казакстанга ишениңиздер. Биздин өтүнүч далилсиз эле ишенүү эмес, бизде фактылар бар. Кышкы оюндарды өткөрүү колубуздан келет. Бул Казакстан үчүн эле эмес, Олимпиада оюндары үчүн тарыхый чечим болот. Себеби чакан, өнүгүп келаткан өлкөлөр да Кышкы оюндарды натыйжалуу өткөрө алат дегенди Алматы шаары далилдеп берет”, - деп Масимов тандоонун алдында Олимпиада комитетин ынандырууга аракет кылды.

Ал эми Бээжин шаары Олимп оюндарын буга чейин натыйжалуу өткөргөнбүз деп жүйө келтиришип, аймакта кардын аздыгы оюндарга тоскоол болбойт деп билдиришкен. Кытайдын президенти Си Цзиньпин да видео карыйлуусу аркылуу Кытайдын эли Кышкы оюндарды колдойт деп белгилеген.

"Кытайдын эли мурда болуп көрбөгөн өзгөчө Кышкы оюндарды өткөрөт" - деп убада кылды Кытайдын президенти.

Ошентип Куала-Лумпур шаарында Эл аралык Олимпиада комитети Бээжин шаарынын долбоору күчтүүрөк жана туруктуу болгону үчүн тандаганын билдиришти. Бирок Алматы шаары бир аз гана артка калганы айтылып жатат.

Комитеттин айтымында, Бээжинде 2008-жылы өткөн Олимп оюндарынан кийин инфраструктурасы даяр. Бээжин оюндарга бир жарым миллиард доллар сарптай турганын билдирди.

Салыштырмалуу 2014-жылы Сочи шаарында өткөн оюндарга Орусия дээрлик 51 миллиард доллар сарптаганы айтылып келет. Сочи оюндары тарыхтагы эң кымбат Олимп оюндары деп таанылган.