MH370: Малайзия изилдөө-издөө иштеринен үмүт үзбөйт

Аралдан табылган канаттын сыныгын Францияда изилдеген жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аралдан табылган канаттын сыныгын Францияда изилдеген жатышат.
Published

Малайзия Индия океанындагы Реюньон аралына жакын жайгашкан аралдын жашоочуларына кайрылып, MH370 каттамындагы учактын сыныктары табылып калышы мүмкүн деп алардын кыраакы болуусун өтүндү.

Малайзиянын транспорт министри аралдын айланасындагы океандын акваториясын кошуп туруп жоголгон учакты издөө районун кеңейтүүнү көздөп жатканын билдирген.

Реюньон аралынан биринчи табылган канаттын сыныгы Францияга жеткирилип, экспертиза жүргүзүлгөн жатат.

Изилдөө иштерин Тулузада Франциянын коргоо министрлигинин лабораториясында жүргүзүшөт. Boeing кампаниясы ал жакка өзүнүн эксперттерин жардамга жиберди.

Ал аңгыча Реюньон аралынан кийин табылган жаңы сыныктардын MH370 каттамына эч кандай тиешеси жок болуп чыкты.

Сен-Дени шаарынан түштүк тарапта лайнердин эшиги табылганын эң алгач жергиликтүү полиция кабарлаган.

Анын сыртында чет элдик тилде жазуулар жана иллюстрациялар бар экени айтылган.

"Мен Францияда канаттын сыныгын иликтөөнү жетектеп жатам. Мен көп ЖМКлардан аны эшиктин сыныгы деп окуп жатам. Бирок мен Жарандык авиация башкармалыгынан жана Реюньондогу адамдардан бул маалыматты текшердим. Ал кадимки эле тепкич экен”,-деди Ассшиэйтед пресс агенттигине Малайзиянын Жарандык авиация башкармалыгынын башкы директору Ажаруддин Абдул Рахман.

Бирок бул маалыматтын ушул эле жумада андан мурда биринчи табылган эки метр сыныкка тиешеси жок. Аны жоголгон учактын сыныгы болушу мүмкүн деп азыр Францияда адистер изилдеп жатышат.

MH370 каттамындагы Боинг учагы өткөн жылы март айында Куала-Лумпурдан Пекинге бараткан багытынан четтеп, Түштүк-Кытай деңизинин үстүнөн жоголгон. Анын бортунда 239 адам болгон.