Ливияда мигранттарды тартып бараткан кеме чөктү

Сүрөттүн булагы, MSF
Жер Оротолук деңизде Түндүк Африкадан мигранттарды тартып келаткан кеме кырсыкка учурады. Айрым маалыматтарда кеменин бортунда 600дөй адам бар деп айтылууда.
Италиянын жээкти кайтарган кызматы суудан 25 адамдын денесин таап чыкты. Кырсык болгон жерде жүргөн ирландиялык аскер кызматынын өкүлү көп адамдар каза болуп калышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин айтты. Бул маалыматты эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму да тасытыктоодо.
Бирок БУУнун качкындар боюнча иш алып барган башкармалыгы учурда 400дөй жүргүнчүнү куткарууга мүмкүн болгонун билдирген. Кеме Ливиянын жээгинен 25 чакырымдай аралыкта чөгүп кеткен.
Быйылкы жылы Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага өтүүгө аракет кылган мигранттардын эки миңге чукулу сууга чөгүп каза тапты.
Италиянын жээктерди кайтарган кызматы кырсыкка учураган кеме а дегенде катуу толкунга учурап, андан кийин куткаруу сигналдарын жөнөткөнүн айтууда. Бул жерге жакын ирландиялык кеме жардамга келген. Бирок куткаруу кайыгын көрүп, мигранттардын баары бир тарапка тыгылышканда, кайык көңтөрүлүп калган.
Учурда куткаруу иштери жүрүүдө. Ага үч тик учак тартылып, төрт кеме издөө иштерин жүргүзүп жатат.
БУУ буга чейин Ливияда массалык түрдө адам укугун бузуулар болуп жатканын билдирген. Ливиядагы куралдуу топтордун тирешинен улам тургундар өлкөдөн качып чыгууда. Өткөн жылы куралдуу жаңжалдардан жай тургундарга ок атылып, адам уурдоо, кыйноо, жазалоо фактылары күчөгөн. Өзгөчө өлкөнүн ири шаарлары Триполи менен Бенгазиде жагдай кыйын деп айтылууда. БУУ өз докладында Ливия бийлигин өз жарандарын коргоого чакырды.
























