MH17: Кыйроонун сыры катылган бөлүктөр табылды

Published

Чыгыш Украинанын асманында малайзиялык авиалайнердин кыйроого учураган себептерин изилдеп жаткан эл аралык иликтөө тобу “Бук” зениттик-ракеталык комплексине таандык болушу мүмкүн бөлүктөрдү тапканын билдирди.

Учак кыйраган жерден жыйналган сыныктар жана ар кандай заттар азыр иликтөө тобунун жана Нидерландынын транспорттору коопсуздук кеңешинин колунда. Бул ишке ошондой эле баллистика жана куралдар боюнча эксперттер дагы тартылган.

"Бул бөлүктөр криминалдык иликтөө үчүн өзгөчө кызыкчылык жаратууда, анткени алар MH17 учагынын кыйрашына кимдин катышы бар экени жөнүндө көп маалымат бере алат. Ошондуктан бириккен тергөө тобу бул бөлүктөрдү тереңирээк изилдеп жатат”, - деп айтылат тергөөчүлөрдүн маалыматында.

Эл аралык иликтөө тобу изилденип жаткан фрагменттер эмненин калдыктары экени жөнүндө бир жаңсыл тыянак жасай элек. Азырынча бул фрагменттер MH17 каттамынын кыйрашына себеп болгон деп айтууга да азыр эрте, деп белгиленет пресс-релизде.

Маалыматта зениттик-ракеталык комплекстин кайсыл бөлүктөрү жөнүндө сөз болуп жатканы көрсөтүлгөн эмес.

Буга чейин кырсыкты иликтөө тобунун жетекчиси голландиялык прокурор Фред Вестербек Би-Би-Сиге берген маегинде “Бук” катышкан версия негизги болуп каралып жатканын билдирген эле.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан "Боинг-777" учагы 2014-жылы 17-июлда орусчул куралдуу күчтөр көзөмөлдөгөн чыгыш Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн. Андагы 298 жүргүнчү бүт курман болгон.

Бул окуядан кийин дароо эле МН17 каттамындагы учак Россиядан алынып келинген “Бук” зениттик-ракеталык комплексинин жардамы менен атып түшүрүлдү деген версия айтылган.

Москва бул трагедияга өзүнүн эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, украиналык аскерлердин кетирген күнөөсү болушу мүмкүн деп ар кандай версияларды көрсөтүп келатат.